Жалал-Абад облусунда 12,5 миң ипотекалык батир курулууда
Жалал-Абад облусунун шаарлары менен райондорунда жалпы сыйымдуулугу 12 532 батирди түзгөн 15 турак жай комплекси курулууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары жана активи менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, учурда “Менин үйүм” мамлекеттик программасынын алкагында Жалал-Абад облусунда 9 183 жаран турак жай алуу үчүн кезекте турат.
2016-жылдан бери облустун 3 560 тургуну турак жай менен камсыздалган, алардын ичинен 781 жаран банк аркылуу кредиттик каржылоо алган. 2025-жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 2 779 үй-бүлө турак жайга ээ болгон.