Жалал-Абад облусуна 6 айда 1,1 млрд сом каржыланды

 Жалал-Абад облусуна 6 айда 1,1 млрд сом каржыланды

2024-жылдын январь-июнь айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары Жалал-Абад облусунун жергиликтүү бюджеттерине 1 млрд 91 млн 800 миң сом акча каражаты каржыланган.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, алар:

  • Теңдөөчү трансферттер – 203,9 млн сомго каржыланган;
  • КР бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн компенсация төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, 50 пайыз компенсация төлөөгө – 16,4 млн сом каржыланган;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (статисттин эмгек акысы) – 13,2 млн сомго каржыланган;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (МКК эмгек акысы) – 7 млн сомго каржыланган;
  • Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 119,7 млн сом каржыланган;
  • Жалал-Абад шаарынын өнүктүрүүгө – 487,3 млн сом;
  • Таш-Көмүр шаарын өнүктүрүүгө – 100 млн сом;
  • Токтогул шаарын өнүктүрүүгө – 50 млн сом;
  • Кара-Көл шаарын өнүктүрүүгө – 20 млн сом;
  • Кербен шаарын өнүктүрүүгө – 5 млн сом.

Связанный пост