Жалал-Абад: Кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөт

Бүгүн, Жарандык коргонуу башчысы А.Сыргабаевтин тапшырмасына ылайык облус аймагында кооптуу аймакта жашаган тургундар массалык түрдө коопсуз жайларга көчүрүлүүдө.

Жаз мезгилинде кооптуулук күч алган жер көчкү, суу ташкыны жана таш кулоо коркунучу бар аймактарга адистер тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп, кооптуулук жогору экендиги аныкталып, коопсуз жайга көчүрүү мезгилдин
талабы болууда.

Көчүрүү иштерине Жарандык коргоону башчысынын орун басары полковник А.Закиров, облустук жана райондук жарандык коргонуу көчүрүү комиссиялары тартылып, турак жай ээлерине көчүү тапшырмасын коюшууда.

Белгилей кетсек Жалал-Абад облусунун аймагында 1169 үй-бүлө кооптуу аймакта күн өткөрүп келишүүдө, алардын басымдуу бөлүгү Сузак жана Базар-Коргон районунда жайгашкан.

Связанный пост