Жалал-Абад ишканасында эскилиги жеткен отказандар жаңы отказандарга алмашылып жаңыланды

 Жалал-Абад ишканасында эскилиги жеткен отказандар жаңы отказандарга алмашылып жаңыланды

Азыркы учурда бекитилген иш чара планынын негизинде, шаардагы баардык отканаларында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. №13 отканасында мазут менен иштеген “Луга” үлгүсүндɵгү отказаны эскилиги жетип , иштен чыкканына байланыштуу жаңы “Луга” үлгүсүндɵгү отказанына алмашылып, жаныланды.

Ошондой эле №11 жана №17 отканаларында шаардагы кɵп кабаттуу үйлɵрдү туташтырууга байланыштуу жылуулук сезонунда белгиленген температурада үзгүлтүксүз жылуулук берүү максатында №11 отканасына кошумча бир даана “Стальной” үлгүсүндɵгү отказаны жана №17 отканасына бир даана Чүй СПМК ишканасынан алып келинген ВостМ-1,16 отказаны орнотулду жана баардык отканыларында кезек-кезеги менен отказандары толук текшерүүдөн ɵткɵрүлүп, морлору тазаланып,накиптерден тазаланып , эскилиги жеткен кыштары жаңыланып, оңдоодон ɵткɵрүлүүдɵ.

Отканалардагы тиешелүү жабдыктар , ачып-жабуу жабдуулар, соргуч шаймандары , үйлɵɵчү каражаттар атайын текшерүүдɵн ɵткɵрүлүп, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. №1,2,17 отканалардын терезелери эскилиги жеткенине байланыштуу жаныланды. №7,11,14,16 отканаларында мазут сактоочу челектер жылытуу каражаттары менен оролуп, жер астына кайрадан орнотулууда.

Кɵп кабаттуу үйлɵрдүн жер астындагы жылуулук түйүндɵрү текшерүүдɵн ɵткɵрүлүп, Жеңи-Жок кɵчɵсү №20,21,22,50,52 кɵп кабаттуу үйлɵрүнун жер астындагы эскилиги жеткенине байланыштуу оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

“Жалал-Абаддагы райондор аралык жылуулук камсыздоо ɵндүрүштүк бирикмеси” филиалында бүгүнкү күндɵ жалпы 19 откана бар жана жаратылыш газында,көмүр жана мазут менен иштейт.

Азыркы учурда жылуулук менен 2618 абонент камсыз кылынат.

Оңдоп-түзөө иштери 1-сентябрга чейин даяр болот.

Связанный пост