Жалал-Абад эми Манас шаары деп аталат

 Жалал-Абад эми Манас шаары деп аталат

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 10-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты улуттук идеологияны чыңдоо, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан коргогон айкѳл Манастын атын Жалал-Абад шаарына ыйгаруу болуп эсептелет.

Андыктан мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаары деп кайра атоо каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Связанный пост