Жакынкы аралыкта Бишкектин көчөлөрүнө жаңы светофорлор орнотулат

 Жакынкы аралыкта Бишкектин көчөлөрүнө жаңы светофорлор орнотулат

Жол кыймылынын жана жөө жүргүнчүлөрдү коопсуздугун жакшыртуу боюнча иш-чаралардын алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын корутундусуна, ошондой эле келип түшкөн кайрылууларга ылайык, 2023-жылдын 20-апрелинде курулуш объектилеринин титулдук тизмеси түзүлдү, анын ичинде ушул максаттагы 28 объект бар.

 

Төмөнкү кесилиштерде жаңы светофорлор орнотулат:

Тоголок Молдо – Саадаев көч.

Байтик Баатыр – Скрябин көч.

Байтик Баатыр – Жантөшов көч.

Жунусалиев – Айни көч.

П. Лумумба – Волков көч.

Ч.Валиханов – Исакеев көч.

Юнусалиев – Койбагаров көч.

Юнусалиев – Жантөшов көч.

Масалиев – Бакаев көч.

Фрунзе – Төрөкул Айтматов көч.

Токомбаев көч, Асанбай паркынын каршысында (жөө жүргүнчү өтмөгү)

Ю.Фучик көч, №1 шаардык ооруканасы (жөө жүргүнчү өтмөгү)

Өмүр – Алыкулов көч.

Токтогул – Калык Акиев көч.

Садыбакасов – Жайыл Баатыр көч.

Л.Толстой – 7-апрель көч. (өтмөк)

Л.Толстой – Ибраимов көч.(өтмөк )

Ауэзов – Кырман көч.

Чүй пр. – Төрөкул Айтматов көч.

Фатьянов – Кулатов көч.

Байтик Баатыр, Дайыр Асанов атындагы парктын каршысы (жөө жүргүнчү өтмөгү)

Профессор Зима көч, Ак-Босого району № 101 орто мектептин жаны. (жөө жүргүнчү өтмөгү)

Подрядчынын акыркы аныктамасы ушул жылдын октябрь айынын аягына пландаштырылган.

Эскерте кетсек, буга чейин төмөнкү кесилиштерде светофор объектилерин курууга тендер өткөрүлгөн.

Медеров- Матросов көч.

Каралаев – Нуркамал көч.

Учурда подрядчы менен келишим түзүү күтүлүүдө.

 

Мындан тышкары, төмөнкү даректерде жайгашкан үч светофор объектисинин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга конкурс жарыяланды.

 

Абай – Горький көч.

Чынгыз Айтматов 93/1 – Безымянная көч. (Океев)

Токтогул – Раззаков көч.

 

Бул кадамдар коопсуз жана жалпы шаардык инфраструктураны түзүүгө, айдоочулардын, жөө жүргүнчүлөрдүн да ыңгайлуу жүрүшүн камсыз кылууга багытталган.

Связанный пост