Жакында жаңы газ моторлуу автобустар келет. Даярдыктар кызуу жүргүзүлүүдө
“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын автопаркында жаңы автобустар үчүн даярдыктар кызуу жүргүзүлүүдө.
Асфальт төшөө иштери аяктагандан кийин, тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери жүргүзүлүп, айланасы көрктөндүрүлөт, ошондой эле автопарктын айланасын тосуу иштери дагы кызуу жүрүүдө.
Ишкананын жумушчуларына, автобус оңдоочуларына (слесарларга) ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, өндүрүштүк имаратты оңдоо, чатырын алмаштыруу иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.