Жакында Таластагы “Манас” музейинин санариптик эгиз долбоорунун бет ачары өтөт

Талас облусундагы “Манас Ордо” улуттук комплексинин “Манас” эпосу музейи заман талабына ылайык санариптештирилди. Анын бет ачары 27-мартта Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу “Манас” улуттук академиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Санарип эгиз” инновациялык долбоору “Манас” улуттук академиясынын колдоосу менен даярдалган. Аталган долбоор – жаңы ыкмалардын жардамы менен “Манас” эпосун даңазалоо болуп саналат. Ал аркылуу дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, Кыргызстанга, Манаска кызыккан жөнөкөй турист, сыртта жүргөн миллиондогон мекендештер “Манас” музейин кыдыра алат.
“Бул долбоор Кыргызстандын маданий мурастарын санариптештирүүдөгү маанилүү кадам болуп, кызыккандарга Үчилтик боюнча кенен маалымат алууга, музейге виртуалдык экскурсия жасоого жана анын бай экспонаттары менен таанышууга мүмкүнчүк түзөт.
Музейдин санариптик эгизи – бул инновациялык чечим, ал колдонуучулар үйдөн чыкпай эле “Манас” эпосунун мааниси жөнүндө маалымат, каармандар тууралуу кабар алып, тарыхка саякат жасоого мүмкүндүк берет. Виртуалдык платформа- маданий мурастарды муундар үчүн сактап, дүйнөнүн картасында Манас ааламын аныктап, белгилеп бекемдегенге шарт түзөт”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, “Манас” эпосу музейинин санариптик эгизинин бет ачары 2025-жылдын 27-мартында саат 10:00дө Бишкек инновациялык борборунда болот.