Жакында Сузакта 945 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилет

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Винсовхоз айылында курулуп жаткан мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, учурда “Асман-4” турак жай комплексинин курулуш иштери 93 пайызга аяктап, сапат жана коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Камчыбек Ташиев курулушту сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү маанилүү экенин баса белгиледи.

Бул комплексте жалпы 945 батир курулуп жатат. Ал 12 блоктон турат, ар бири 9 кабаттуу болуп салынган. Курулуш жыл аягына чейин толук аяктайт, ал эми расмий ачылыш президенттин катышуусунда ушул айда өтөөрү белгилүү болду.

Ошондой эле УКМК төрагасы жакын жайгашкан “Асман-11” турак жай комплекси менен да жеринен таанышты. Бул жерде учурда курулуш иштери үчүнчү кабатка жетип, жалпы 11 блок, 846 батир куруу пландалган.

Буга чейин бул аймак жеке тараптарга сатылып, кароосуз калган. Бирок, Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде жер тилкеси толугу менен мамлекет менчигине кайтарылып, азыр анда эл үчүн арзан турак жайлар курулууда. Курулуш иштери баштан-аяк Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө турат.

Связанный пост