Жакында мүлк салыгын эсептөө тууралуу маалымат жеткиликтүү болот

 Жакында мүлк салыгын эсептөө тууралуу маалымат жеткиликтүү болот

Мамлекеттик салык кызматы 1-августтан тарта cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинетинде мүлк салыгын эсептөө тууралуу маалыматтар автоматтык түрдө көрсөтүлөрүн эскертет.

Салык мыйзамдарына ылайык, салык органдары мүлк салыгын эсептөө жөнүндө билдирүүнү белгиленген төлөө мөөнөтүнө чейин, 30 күндөн кечиктирбестен салык төлөөчүгө жөнөтүүгө милдеттүү.

Ошондой эле мүлк салыгын эсептөө тартибине бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Азыр коэффициенттердин жана кошумча эсептөөлөрдүн (зоналык, регионалдык ж.б.) татаал системасын колдонуунун зарылдыгы жок.

Жергиликтүү кеңештер салык салынуучу турак жайдын 1 чарчы метри үчүн бирдиктүү ставканы белгилейт. Мисалы, Бишкек шаардык кеңеши бир чарчы метр үчүн 75 сом өлчөмүндөгү ставка койсо, анда салыктын суммасы жөнөкөй эле аныкталат, тактап айтканда ставка объекттин аянтына көбөйтүлөт.

Салык кызматы жарандарды электрондук кабинеттерин текшерүүгө, эсептелген сумма менен таанышууга жана 1-сентябрга чейин төмөнкү салыктарды төлөөгө чакырат:

– ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган турак үйлөргө жана батирлерге салык;

– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Салыктарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу QR-код же банк картасынын жардамы менен төлөөгө болот. Ошондой эле паспортту жана кыймылсыз мүлк бирдигинин кодун көрсөтүү менен банк мекемесине же почта бөлүмүнө кайрылууга болот.

Бул өзгөртүүлөр салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн алкагында киргизилип, салык төлөөчүлөр үчүн мүлк салыгын төлөөнү жөнөкөйлөтүүгө, ошондой эле аларды салык органдары тарабынан башкарууну жакшыртууга багытталган. Бул салык төлөө процессин жөнөкөй, түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылат.

Мындан тышкары, кыймылсыз мүлк салыгын төлөөдөн толук бошотуу майыптар коомунун имараттарына, ошондой эле билим берүү, илимий жана чыгармачылык ишмердикке арналган муниципалдык имараттарга жана объекттерге берилерин эскертебиз.

Төмөнкү жарандардын категорияларына таандык болгон бир турак жайга же имаратка кошумча 50 пайыздык салык жеңилдиги берилет:

–  “Кыргыз Республикасынын Баатыры” – Кыргыз Республикасынын жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон жарандар;

– Советтер Союзунун Баатырлары жана Социалисттик Эмгектин Баатырлары;

– баатыр энелер;

– Даңк жана Эмгек Даңкы ордендеринин үч даражасы менен сыйланган жарандар;

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана/же майыптары;

– Баткен окуяларына катышкандар;

– эл аралык келишимдерге ылайык согуштук аракеттерге катышкан аскер кызматкерлери – анын ичинде Афганистанда жана башка мамлекеттердеги согуштарга катышкандар;

– аскердик кызмат өтөп жатып жарадар болгон, контузия алган, майып болгон аскер кызматчылары, анын ичинде :

  • СССРди же Кыргыз Республикасын коргоодо;
  • аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда;
  • же фронт учурундагы оорудан улам;
  • пенсиялык камсыздоо жагынан жогорудагы категорияларга теңештирилген майыптар;

– Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жесир же жесил калган жарандар;

– I жана II топтогу майыптар;

– мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери же камкорчулары.

Кыргызстандын пенсия курагына жеткен жарандары — аялдар үчүн 58 жаш, эркектер үчүн 63 жаш — үй жанындагы жер участокторуна болгон салыкты төлөөдөн толугу менен бошотулат.  Жер тилкелеринин санына карабастан (1 болобу же 20 болобу), бул жеңилдик бардыгына тийиштүү жана 100 пайыздык бошотуу болуп эсептелет.

Мүлк салыгы, анын төлөө тартиби жана каралган жеңилдиктер тууралуу толук маалыматты sti.gov.kg сайтынан, жергиликтүү салык органдарынан же 116 номеринен алууга болот.

Связанный пост