Жакын арада Бишкекке 95 жаңы Yutong автобусу келет
Жакын арада — ноябрь айынын ортосунда же аягында Бишкекке 95 Yutong автобусунун келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын 2-автопаркынын башкы инженери Артур Өмүрзаков “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда адистер Кытайда автобустардын техникалык талаптарга жооп берерин текшерип жатышат.
“Ырастоодон кийин жеткирүү башталат. Сапар эки жумага созулат. Андан кийин бажыдан өткөрүү, каттоо жана автобустарды кабыл алуу керек. Ушул иштерден соң алар каттамга чыгат”, – деп белгиледи Өмүрзаков.
Ал кошумчалагандай, сатып алуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган.
“Булар 12 метрлик, үч эшиктүү автобустар. Алар жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугу үчүн кондиционер, видеобайкоо камералары менен жабдылган жана бардык заманбап талаптарга жооп берет”, – деди адис.
Өмүрзаков белгилегендей, ишканада учурда 7 түрдөгү 1523 автобус бар.
Булак “Кабар” агенттиги