ЖАКтын түзөтүү мекемесине баңги каражаттарын жашыруун алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

 ЖАКтын түзөтүү мекемесине баңги каражаттарын жашыруун алып өтүү аракетине бөгөт коюлду
Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан ушул жылдын 17-январында пенитенциардык мекемелердин аймагына тыюу салынган предметтердин жана заттардын келип түшүү каналдарын аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө С.Н.Э. аттуу жаран кармалган. Анда жалпы салмагы 70,12 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты (болжолдуу марихуана) бар 3 түрмөк табылган.
Кармалган С.Н.Э маңзат каражаттарын аталган мекемеде жазасын өтөп жаткан Б.Н.К. аттуу соттолгон адамга жашыруун өткөрүп берүүнү көздөгөнүн мойнуна алды.
Чогулган материалдар мындан ары биргелешип иликтөө үчүн Сокулук райондук ИИБге өткөрүлүп берилди.
ЖАК бардык жарандарга жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги кармалып турган адамдарга тыюу салынган буюмдарды бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартылаарын эскертет.

Связанный пост