ЖАКтын кызматкери мекемеге уюлдук телефон алып кирүүгө аракет кылган

 ЖАКтын кызматкери мекемеге уюлдук телефон алып кирүүгө аракет кылган

Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (мындан ары – ЖАК) №1 жана №25-мекемелеринде текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, ЖАКтын №1-мекемесинин кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, О.у.М. ички бел куруна 5 даана уюлдук телефондорду катып, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан А.Д. акчалай сыйлык үчүн жашыруун түрдө алып кирүүгө аракет жасагандыгы аныкталган.

Ошондой эле, №25-мекеменин кызматкери Т.К. ЖАКнын мекемелеринде уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салынгандыгына карабай, өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, мекемеде камакка алынган Д.М. ага акчалай сыйлык үчүн уюлдук телефонун сатып жибергендиги такталган.

Аталган фактылар боюнча прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгына жиберилди.

Связанный пост