Жайыл району помидордун түшүмдүүлүгү боюнча дүйнөлүк рекордго чыкты

 Жайыл району помидордун түшүмдүүлүгү боюнча дүйнөлүк рекордго чыкты

Жайыл району помидордун түшүмдүүлүгү боюнча дүйнөлүк рекордго чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, районудо 270 гектар аянтка помидордун хайнц жана есесем сортторуэгилип, анын түшүмдүүлүгү боюнча дүйнөлүк рекорд жаралууда.

“Түшүмдүүлүк гектарынан 120 тоннага чыгып жатат. Дүйнөдө эң жогорку түшүмдүүлүктү салттуу түрдө Түндүк Америкада гектарынан 90 тоннага чейин жыйнашат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, мындагы түшүмдүн басымдуу бөлүгү кайра иштетүүгө, тагыраагы соус, кетчуп сыяктуу продукцияларды өндүрүүгө жөнөтүлөт, калган бөлүгү экспортко чыгат. Помидорду өстүрүүдө заманбап агротехнологиялар колдонулуп, сугарууда автоматташтырылган тамчылатып суугаруу системасы орнотулган.

Мышдан тышкары, түшүмдү жыйноо дагы автоматташтырылып, ал үчүн Италиядан атайын томат жыйноочу комбайн алып келинген.

Связанный пост