Жаңы жыл күнү 75 мас айдоочу кармалды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жаңы жыл майрамын өткөрүү учурунда күчөтүлгөн жогорку баскычта кызмат өтөп, азыркы учурда да улантууда.
Ведомстводон маалымдашкандай, кызмат өтөө учурунда өлкө аймагында одоно жол эрежелерин бузган 3 миңден ашуун айдоочулар аныкталды.
Алардын ичинен:
- мас абалында унаа башкарган 75 айдоочу;
- көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашырып айдаган 336 айдоочу.
Ошондой эле одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 602 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.
Ал эми өлкө аймагында жалпы 21 жол кырсыгы катталып, көпчүлүгү жеңил чыгымдар менен коштолгон учурлар.