Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 20 адам эвакуацияланды
Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 20 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 1-январь күнү Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы батирден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 17:54тө Биринчи Май райондук №4 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, ошондой эле №8 автошаты тартылган. Өрт саат 18:25те толук өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен көп кабаттуу үйдөн 20 адам эвакуацияланып, коопсуз жерге чыгарылды.
Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.