Жаңы жыл күнү 64 мас айдоочу кармалды

 Жаңы жыл күнү 64 мас айдоочу кармалды

Жаңы жыл күнү 64 мас айдоочу кармалды.

 

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, жол инспекторлору Жаңы жыл майрамын өткөрүү учурунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү. Учурда да бул иштерди улантууда.

 

Кызмат өтөө учурунда өлкө аймагында одоно жол эрежелерин бузган 2 миңден ашуун айдоочулар аныкталды.

 

Алардын ичинен:

– Мас абалында унаа башкарган 64 айдоочу;

– Көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашырып айдаган 460 айдоочу кармалды.

 

Ошондой эле одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 301 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

 

Ал эми өлкө аймагында жалпы 24 жол кырсыгы катталып, көпчүлүгү жеңил материалдык чыгымдар менен коштолгондугу белгиленди.

 

“Өздүк курам арасында эч кандай мыйзам бузууларга жол берилген жок. Учурда жол коопсуздугу туруктуу жана баары жетекчиликтин жеке көзөмөлүндө”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост