“Жаңы ысымдар” IX эл аралык студенттик театр фестивалынын ачылыш аземи өттү

16-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жаңы ысымдар” IX эл аралык студенттик театр фестивалынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маданий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов баштаган интеллигенциянын өкүлдөрү, студенттер, театр сүйүүчүлөр катышты.
Министр фестивалдын ачылыш аземи менен куттуктап, бул эл аралык студенттик театр фестивалы достуктун, ынтымактын данакери болуп, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Россиянын жана Кыргызстандын талантуу студенттерин бир аянтка чогултканын, анын алкагында Россиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын кесипкөй театр адистери тарабынан өтүп жаткан семинар, мастер-класстар келечектеги театр адистери үчүн тажрыйба жана табылга болуп берерин белгилеп өттү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов өз куттуктоосунда, бул фестивалда жаш актёр, актриса, драматург, режиссёр, сценограф жана театр сынчылары өздөрүнүн чыгармачыл потенциалын жогорку даражада көрсөтөрүн жана кыргыз театр искусствосуна жаңылык киргизерине ишенимин билдирип, жаңы ысымдарга ийгиликтерди жана бийиктиктерди каалады.
Белгилесек, “Жаңы ысымдар” студенттик спектаклдердин республикалык фестивалы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу тарабынан негизделип, алгачкы жолу 2016-жылы май айында өткөн. Ага студенттик тогуз спектакль катышкан. 2022-жылы Казакстан, Өзбекстандын окуу жайлары да катышып, “Эл аралык фестиваль” статусун алды. Быйылкы IX ирет өтүп жаткан фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Россия, Азербайжан өлкөлөрүнөн да студенттер катышууда.
Бул фестивалдын максаты-жаш театр ишмерлерди, актёр, режиссерлорду шыктандыруу, аларга стимул берүү,театр тармагында билим берген окуу жайлардын тармактык жактан өнүгүүсүн камсыздоо, ошондой эле жаш таланттардын байланышын түзүү болуп эсептелет.

Связанный пост