Жаңы түзүлгөн Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин негизи милдеттери

 Жаңы түзүлгөн Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин негизи милдеттери

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, министрлер кабинетинин түзүмүнө айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Атап айтсак, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Курулуш, архитектура, жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги түзүлдү.

Ведомстводон билдиришкендей, жаңы министрлик архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба жана курулуш өнөр жайы тармагындагы башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түзүлдү.

Министрликтин түзүлүшү курулуш секторунун экономикадагы негизги кыймылдаткыч күч катары ролун бекемдөөгө, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун сапатын жана ылдамдыгын жогорулатууга багытталган. Жаңы макам тармактын өнүгүүсүн натыйжалуу координациялоого, инвестиция тартууга, жарандардын турак жай шарттарын жакшыртууга жана курулуш материалдары өнөр жайын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Жаңы министрликтин негизги милдеттери:

  • Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • Курулуш жана долбоорлоо уюмдарынын ишмердүүлүгүн координациялоо;
  • Уруксат берүүчү документтерди алуу тартибин оптималдаштыруу;
  • Курулуш секторунун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу;
  • Инфраструктураны өнүктүрүү жана социалдык объекттерди куруу.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Мамкурулуш 230 объекттин курулушун аяктады, алардын катарына мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, турак үйлөр жана спорт комплекстери кирет. Ошондой эле лицензия берүү жана долбоордук документацияны экспертизадан өткөрүү процесстерин модернизациялоо чаралары көрүлүп, курулуш тармагындагы иштин ачыктыгын жана ылдамдыгын жогорулатууга шарт түзүлдү.

Жаңы министрликтин түзүлүшү мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга, курулуштун сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана ата мекендик жана эл аралык инвесторлор менен өнөктөштүктү бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Мамкурулуш бул реформа Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын модернизациялоого жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга маанилүү кадам болот деп ишенет.

Связанный пост