Жаңы сатып алынган учак Бишкек шаарына конду

Кыргыз Республикасына жаңы “Airbus A320” үлгүсүндөгү учак келип конду. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

 

МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасы өнүгүү жолуна түшкөнүн, атайын жана аскердик техникалар, алдыңкы медициналык жабдуулар жана коомдук транспорт республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынып жатканын белгиледи.

 

“Элибиздин кыргыз жеринде бейпил жашаса деген кыялдары ишке ашышын каалайбыз. Кечээ эле өлкөнүн бюджетинин эсебинен тигил же бул техниканы сатып алууну ойлоно да албасак, бүгүн самолетторду вертолетторду сатып алып жатабыз. “Кыргыз элин кыргыз жеринде кор кылбайлы” деп Президент айткандай, бул биздин негизги милдеттерибиздин бири”, – деди Акылбек Жапаров.

 

Белгилей кетсек, 2002-жылы чыгарылган Airbus A320 учагы бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост