Кыргызстандыктар насыяны көбүнчө керектөө муктаждыктары үчүн алышкан

 Кыргызстандыктар насыяны көбүнчө керектөө муктаждыктары үчүн алышкан

2023-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан берилген кредиттердин суммасы дээрлик 51 млрд сомду түздү, мында алуучулардын саны 740 миң адамга жакын болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

 

Маалыматта айтылгандай, микрокредиттерди алган калктын саны 2022-жылга салыштырганда 10%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 29,5%га көбөйгөн.

Микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (10 млрд. сом же берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 19,8%ы), Ош облусунун (8,5 млрд. сом же 16,7%), Чүй (8,2 млрд. сом же 16%) жана Жалал-Абад облустарынын (7,8 млрд. сом же 15,5%) алуучуларына берилген.

 

2023-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 48%ы керектөө муктаждыктарына, 23%га жакыны айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12%ы – соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө жана 5,5%ы курулушка багытталды.

Связанный пост