Жаңы окуу китептерине биринчи жолу 744 млн сом бөлүндү

Өлкө президентинин тапшырмасы менен жаңы муундагы окуу китептерин массалык түрдө чыгарууга биринчи жолу 744 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктап жатып билдирди.
“Ошондой эле быйыл жаңыланган программалар жана жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча билим алып жаткан 1-2-класстар жана 5-7-класстар үчүн окуу китептеринин толук линиясы биринчи жолу түзүлүп жатканы белгилүү. 3-9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу китептери басылып чыкты, математика жана табигый илимдер боюнча окуу китептерин чыгаруу аяктап жатат. Үч жылдан кийин Кыргызстандын бардык окуучулары окуу китептери менен толук камсыз болот.
Бул китептер – улуттук продукт. Алар “Окуу китеби” басма үйүндө даярдалып, “Учкун” ААК басмаканасында басылып чыгууда. Ар бир комплект окуу китебин, жумушчу дептерди жана мугалим үчүн методикалык колдонмону камтыйт”, – деди Кендирбаева.
Ал басылмаларга электрондук версиялар кошумчаланарын, бул ар бир баланын материалдарга ыңгайлуу жеткиликтүүлүгүн камсыздай турганын белгиледи.