Жаңы-Арык айылында 320 орундуу мектеп ачылды

 Жаңы-Арык айылында 320 орундуу мектеп ачылды
Бүгүн, 16-ноябрда. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы Сеит Кульматов атындагы мектебинин ачылыш аземине катышты.
Облус жетекчиси мугалимдерге жана окуучуларга ийгилик каалап, курулушка салым кошкон айрым инсандарга ардак грамота тапшырды.
320 орундуу мектептин курулушуна Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү тарабынан 54 млн сом бөлүнүп «Тунук Курулуш» ЖЧКсы тарабынан курулуп ишке берилди.

Связанный пост