Жүрөгүңүздү акысыз текшертиңиз! Бишкекте акция өтөт

 Жүрөгүңүздү акысыз текшертиңиз! Бишкекте акция өтөт

Бишкекте “Саламат жүрөк – чекаптан өт” деп аталган маалыматтык-алдын алуу акциясы өтөт.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, акция жүрөк кан-тамыр ооруларын эрте аныктоо жана алдын алууга багытталган.

Акциянын алкагында жарандарга төмөнкү кызматтар акысыз көрсөтүлөт:

  • артериялык басымды өлчөө;
  • дене салмагынын индексин аныктоо (ашыкча салмакты текшерүү);
  • кандагы канттын жана холестериндин деңгээлин аныктоо;
  • тажрыйбалуу кардиолог-дарыгерлердин кеңешин алуу.

Иш-чара төмөнкү соода борборлорунда жана базарларда уюштурулат:

  • 13-14-май: Vefa соода борбору, Байтик Баатыр көчөсү, 98 (1-кабат);
  • 16-май: “Бишкек Парк” соода-көңүл ачуу борбору, Киев көчөсү, 148 (М1-кабаты);
  • 18-май: “Дордой Плаза” соода-көңүл ачуу борбору, Ибраимов көчөсү, 115/2 (Гоголь көчөсү тараптагы жаңы корпус);
  • 20-май: Орто-Сай базары, Сүйөркулов көчөсү тараптан.

Акциянын максаты – жашоочуларга жүрөктүн саламаттыгына кам көрүүнүн зарылдыгы жөнүндө эскертүү, тобокелчилик факторлорун өз учурунда аныктоого жардам берүү жана алдын алуу жана үзгүлтүксүз чекаптан өтүү – бул узак жана активдүү жашоого карай жөнөкөй кадам экендигин көрсөтүү.

Связанный пост