Зардалы айылына барчу жол курулуп бүттү

 Зардалы айылына барчу жол курулуп бүттү

Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына барчу унаа жол курулуп бүттү. 20-декабрда каттам берүү күтүлүүдө.

Учурда жолду тегиздөө, шагыл төшөө иштери жүрүп жатат. Жолдун жалпы узундугу 8 чакырымды түзөт. Жол куруу иштеринин алкагында Кожошкен дарыясына узундугу 30 метр болгон көпүрө курулду. Көпүрө 90 тоннага чейин жүктү көтөрө алат.

Белгилей кетсек, өткөн жылы президент Садыр Жапаров Зардалы айылына барып, эл менен жолукканда жол куруу, электр энергиясы менен камсыздоо сыяктуу маселелер көтөрүлгөн. Андан кийин ар бир үйгө күн панелдери орнотулуп, электр энергиясы берилген.

Связанный пост