Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган кароо сынак жыйынтыкталды

 Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган кароо сынак жыйынтыкталды
Залкар төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата ырчы, дастанчы жана акындар арасында профессионал аткаруучулар үчүн өткөн сынак жыйынтыкталды.
Калыстар тобунун чечими менен Бакыт Акматов баш байгени утуп, 250 миң сом акчалай сыйлыкка татыды. Ал эми 1-орунду Турдукан Сарбанова 160 миң сом, 2- орунга Калыбек Турганов 120 сом, 3- орунду Улукбек Токтоболот уулу 100 миң сом акчалай байгеге ээ болушту. Андан тышкары калган катышуучуларга кызыктыруучу акчалай сыйлык тапшырылды.
Жеңүүчүлөргө байгелерди төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаев өзү жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев, калыстар тобунун төрагасы, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов баштаган белгилүү инсандар тапшырышты.
Иш-чарада Алтынбек Максутов Замирбек Үсөнбаев атындагы кароо сынакты быйылкы жыл менен гана токтотуп койбостон, мындан ары жыл сайын өткөрүп турууну өз көзөмөлүнө алаарын белгиледи.

Связанный пост