Заманбап Стамбул: Маданият, тарых жана гастрономия

Күз айында Стамбулду саякаттоо сизге унутулгус эмоцияларды тартуулайт. Анткени күз айы келери менен узакка созулган жайкы каникулдан кайтып келген Стамбулдун тургундары жана коноктору күздүн жагымдуу аба ырайынан пайдаланып, шаардын сейил бактарын жана ачык мейкиндиктерин, ошондой эле көптөгөн музейлерди, галереяларды жана маданий жайларды изилдешет. Босфор деңизи жаңы сезондун өзгөргөн түстөрүн чагылдырып, шаардын көрүнүктүү ресторандарына, кафелерине жана жаңы ачылган эс алуу жайларына барууга шыктандырат. Октябрдын ушул күнөстүү күндөрүндө, биз сиздерге шаардын саякаттоого ыңгайлуу болгон жерлерин тизмектеп бермекчибиз.

 

Тарыхый Стамбулга саякат...

Стамбул дүйнөнүн эң байыркы шаарларынын бири экенин шаардын жандуу көчөлөрүн жана кооз тилкелерин изилдеп жүргөндө терең байкайсыз. Чыгыш Рим жана Осмон империяларынын мурдагы борбору болгон Стамбул, өткөн менен  азыркынын  уникалдуу көз карашын айкалыштырат. Ар дайым жандуу болгон Тарыхый жарым аралы октябрь айында Босфор, Мармара деңизи жана Алтын мүйүздүн үч тарабында соккон шамалдар менен жаңыланган өзгөчө чөйрөгө ээ болот. Сиз Тарыхый жарым аралды саякаттоо менен Айя-София, Базилика цистернасы жана Топкапы сарайы сыяктуу көптөгөн тарыхый жерлерди көрө аласыз. Ошол эле учурда, Алтын мүйүздүн аркы өйүзүндөгү Галата мунарасынын байкоочу палубасынан күз айларындагы шаардын панорамалык кооз көрүнүштөрүнө күбө болосуз. Мындан тышкары, Босфордун дагы бир кереметтүү көрүнүшүн толуктап, жаңыдан калыбына келтирилген Кыз мунарасы да музей катары сизди таң калтырат.

 

Бейоглу Маданият жолуна сапар…

1000ден ашуун иш-чарасы, жыл бою өтүүчү фестивалдары, музыкасы, түнкү жашоосу менен зыяратчылардын көңүлүн бурган Стамбул, күзүндө да бир катар искусство жана маданий иш-чараларды өткөрөт. Маселен, Сентябрь айынан октябрга чейин өтүүчү Бейоглу Маданият Жол фестивалы аталган иш-чаралардын башталышы болуп саналат. 15-октябрга чейин улана турган бул фестиваль шаардын бүт маданий мурасын келечекке алып барууга мүмкүнчүлүк берет. Аны менен катар миңден ашуун иш-чара Таксим аянтындагы Ататүрк маданият борборунда да өткөрүлөт. Бейоглудагы Стамбул киномузейинде жакында ачылган “Star Wars коллекция күйөрмандары” Галактикалык көргөзмөсү кырк жылдан ашуун Star Wars күйөрмандары тарабынан долбоорлонгон Star Wars ааламынан алты жүздөн ашуун бөлүктөрдү чогулткан эң кеңири көргөзмө болуп саналат.

 

Стамбулдун музейлерин күз мезгилинде саякаттаңыз...

Шаардын музейлери Стамбулдун күзгү искусство жана маданият сахнасынын өзгөчөлүктөрүнүн катарында. Топкапы сарайынын бакчасында жайгашкан жана археология жанданган Стамбул археологиялык музейлери дүйнөнүн эң бай коллекцияларынын катарына кирет. Түркиянын алгачкы пластикалык искусство музейи болгон Стамбул Сүрөт жана Айкел музейи 19-кылымдын аягынан 20-кылымдын аягына чейин, Осмон империясынын акыркы мезгилине чейинки түрк искусство тарыхына жарык берүүчү көз карашты тартуулайт. Мындан тышкары Айя-Софиядан бир нече кадам алыстыкта ​​ жаңы ачылган Айя-София Тарых музейи да зыяратчыларды бул маанилүү имараттын болжол менен он жети жүз жылдык тарыхы боюнча унутулгус саякатка жетелейт жана зыяратчыларга укмуштуудай кереметтүү изилдөөлөрдү сунуштайт.

Аны менен катар Түркиянын биринчи заманбап жана искусство музейи, Стамбул Модерн да көңүл чордонунан сырт эмес. Аталган музей Босфор кысыгын караган Renzo Piano долбоору менен жасалган укмуштуу имаратта жайгашкан.

Связанный пост