ЮНИСЕФ Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана даярдыгын күчөтүү үчүн 25 чоң чатыр тапшырды

 ЮНИСЕФ Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана даярдыгын күчөтүү үчүн 25 чоң чатыр тапшырды

ЮНИСЕФ КР Өзгөчө министрлигине 25 чоң чатырды тапшырды. Аларды жаш балдарды окутуу, тамактануу же саламаттыкты сактоо боюнча убактылуу кызмат көрсөтүүчү, же адамадарды убактылуу жайгаштыруучу жай катары колдонсо болот. Жабдуулардын жалпы баасы 4,7 млн сомдон ашат.

Тапшыруу аземи Ош шаарында өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучусу Кристина Бруджиолонун катышуусу менен өттү.

Чатырлардын жылуу жана суук аба ырайы шарттарына ылайыктуу эки түрү бар. Чатырлардын өлчөмдөрү 72 жана 42 чарчы метрди түзөт. Андан тышкары, ЮНИСЕФ пол төшөө катары колдонула турган брезент жана өзгөчө кырдаалдар убагында колдонулуучу санитардык шаймандарды берди.

«Тилекке каршы, биз бардык кырсыктарды алдын ала албайбыз. Бирок аларга даярдык аркылуу  алардын терс кесепеттерин жеңилдетсек болот. Бул жабдуулар Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана калкты, өзгөчө жаш балдарды, коргоо мүмкүнчүлүктөрүн күчөтөт деп ишенебиз», – деп белгиледи Кристина Бруджиоло.

ЮНИСЕФ балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бөлүп, Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүүдө колдоо көрсөтүүнү улантат.

Связанный пост