Ысык-Көлгө жөнөгөн жарандардын саны көбөйүп, ЖКККБ кошумча каттамдарды даярдады

 Ысык-Көлгө жөнөгөн жарандардын саны көбөйүп, ЖКККБ кошумча каттамдарды даярдады

Азыркы учурда, күндүн каттуу ыссыганына байланыштуу Бишкек шаарынын Ысык-Көл облусуна каттаган жарандардын жана туристтердин каттамы көбөйүүдө.

Ошол себептүү, Бишкектеги автобекеттерде Ысык-Көлгө каттаган жеңил унаалардын жана маршруттук унаалардын жетишсиздигине байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кошумча маршурттук унааларды уюштуруп, жүргүнчү ташуучу фирмалардан 30га жакын маршруттук унааларды жана 3 автобустарды сүйлөшүү жолу менен алышып, Бишкек-Чолпон-Ата каттамына киргизишти.

Ошондой эле каттамга чыккан айдоочулардын кан басымы текшерилип, авто унаалардын техникалык абалдары көзөмөлдөнүүдө.

Урматтуу жүргүнчүлөр, жарандардын жана туристтердин Ысык-Көлгө баруусуна толук кандуу шарттар түзүлгөн. Эч кандай ызы-чуу жана айдоочулар өз алдынча жол кире акыларын көтөрүп алуусуна жол берилбейт. Баары ЖКККББнын көзөмөлүндө.

Связанный пост