Ысык-Көлдөгү «Керемет-Суу» жана «Дельфин» пансионаттарына айыптар салынды

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ысык-Көл облусундагы Чон-Өрүктү айылында жайгашкан «Керемет-Суу» жана «Дельфин» эс алуу жайларында текшерүүлөрдү жүргүздү.
Белгилей кетсек, аталган ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгү апрель айынын аягында массалык маалымат булактарына тарап, экологияны бузуу фактылар тууралуу сөз болгон. Жаратылыш ресурстары министрлиги жеринде пландан тышкары текшерүү жүргүзүү максатында Экономика жана коммерция министрлигине кайрылып, макулдашылган жолдомосун алган.
«Керемет-Суу» жана «Дельфин» эс алуу жайларында болгон текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулары аныкталды. Пансионат ээлери тарабынан Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрүнө тиешелүү уруксат кагаздары көрсөтүлгөн жок. Ошондой эле эс алуу жайларынын (курууга чейин) долборлору иштелип чыкпай, экологиялык экспертизанын он корутундулары алынбагандыгы белгилүү болду.
«Керемет-Суу», «Дельфин» эс алуу жайларында термалдык ысык сууларды толтуруу үчүн бассейндер курулган, алардан агып чыккан суулар тазаланбастан, түздөн түз дренаж каналдары аркылуу Ысык-Көлгө агып кеткен учурлар аныкталды.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жеринде текшеруу актысы, укук бузуулар боюнча протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин, Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамынын, Экологиялык экспертиза жөнүндө мыйзамынын беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежелерине ылайык административдик айыптар салынды. Эс алуу жайларынын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча каттар аталган пансионат ээлерине жөнөтүлдү.
Ошондой эле, ишкердик субъекттеринин кагаздарын иретке келтирүүдө биргеликте иш алып баруу үчүн кат жергиликтүү бийлик органдарына жиберилди. Андан тышкары, бардык топтолгон материалдар Ысык-Көл райондук прокуратурасына юридикалык баа берүү максатында өткөрүлүп берилди.
Кошумчулай кетсек, Президент С.Н. Жапаровдун «Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» 131-чи жарлыгын ишке ашыруу жана 2023-жылдын туристтик сезонуна даярдык көрүү максатында Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан тиешелүү иш-чаралаар улана берет.

Связанный пост