Ысык-Көлдө жаңы жол белгилери орнотулду
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду туристтик жайларга жол белгилерин коюуну улантууда. Бул жолу Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы белгилер орнотулду. Алар эл арасында “Темирландын таштары” деп аталган Сан-Таш комплексине багыттайт. Аралыгы тоо көлү Көл-Төргө чейин, Аксы районунан Жергез капчыгайына чейинки аралыкты көрсөтөт. Жети-Өгүз району үчүн да көрсөткүчтөр даярдалды. Алар Жууку, Кызыл-Жар капчыгайларын жана Чоң-Кызыл-Суу ысык булактарын көрсөтүп турат. Бул жердеги белгилер жол иштери аяктагандан кийин орнотулат.
Ысык-Көл инфонавигация боюнча долбоордун алкагында туристтик белгилерди орноткон үчүнчү облусу. Буга чейин Нарын жана Чүй облустарынын жолдоруна белгилер коюлган.