Ысык-Көлдө селден жабыркагандарга жаңы салынган үйлөрдүн ачкычы тапшырылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Садыр Аке айыл аймагында болуп өткөн сел кесепеттеринен жабыр тарткандарга жаңы салынган үйлөрдү тапшырды.
“Айрыкча башыбыздан өткөн оор күндөн кийин өз үйүбүзгө ээ болуу канчалык маанилүү экенин түшүнөбүз. Мамлекет ар дайым сиздердин оор күндөрдө таяныч болот жана бизге камсыздандыруунун маанилүүлүгүн дагы бир ирет эске салат. Бул кырсык болгон учурда каржылык жактан эле коргобостон, келечекке болгон ишенимди да камсыздайт”, – деди ал.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 18-август күнү болжол менен саат 21:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл аймагына караштуу Темир, Кашат, Корумду жана Булан-Сөгөттү айылдарында сел агымдары катталган. Анын кесепетинен турак үйлөрдү, айдоо аянттарды, пансионаттарды ылай аралашкан суу каптаган.
Буга байланыштуу президенттин фондунан бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн 75 млн 900 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилип, жабыркагандардын документтеринин топтомунун негизинде тийиштүү акча каражаттары төмөнкүчө бөлүнүп берилген:
– 1 000 000 сомдон – 32 адамга (32 000 000 сом);
– 500 000 сомдон – 41 адамга (20 500 000 сом);
– 100 000 сомдон – 234 адамга (23 400 000 сом).
Ал эми Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл аймагында жараксыз абалга келген 29 турак үйдүн ичинен 5 турак үй курулуп бүттү, 3 жаран башка жерлерден курулган турак үйлөрдү сатып алды, калган 21-турак үй курулууда.
Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев селди алдын алуу чаралары менен таанышып, “Ат жайлоо” каналынын курулуш иштерин көрүп чыкты.