Ысык-Көлдө селден кийин 110 турак үй дезинфекцияланды

 Ысык-Көлдө селден кийин 110 турак үй дезинфекцияланды

Ысык-Көлдөгү селден кийин 110 үй дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан Корумду айылында 6, Кашат айылында 4 жана Темир айылында 100 турак үйдө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

 

Ошондой эле бүгүн айылдарда селдин кесепеттерин жоюу иштерине жалпы 307 адам жана 58 атайын техника, 1 өрт өчүрүүчү унаа тартылды.

 

Тазалоо иштерин жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов көзөмөлдөп жүрөт.

 

Мындан сырткары, өткөн жумада жашоочуларга жүз тоннадан ашык таза суу жеткирилген.

Связанный пост