Ысык-Көлдө “Криминал” аталышында атайын операция өткөрүлдү

 Ысык-Көлдө “Криминал” аталышында атайын операция өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунда “Криминал” аталышында атайын операциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, атайын операция уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу жана жоюлган уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдардын арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында жүргүзүлдү.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун жергиликтүү тургундарынын ичинен уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар 144 адам Ички иштер министрлигинин адистештирилген реестринде турганы аныкталды, алар:

  • Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелеринде – 16;
  • Ысык-Көл облусунда туруктуу жашагандар – 45;
  • өлкөдөн чыгып кеткендер – 9;
  • Кыргызстандын башка аймактарында жашагандар – 74.

13-августта уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдардын жашаган 13 дарек боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Мынташ тышкары, “Кылмыштуу идеянын” пайда болушуна жол бербөө боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында ИИМдин адистештирилген каттоосунда турган 26 адамга карата түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагында жашаган 74 жаранга карата ыкчам-издөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Связанный пост