Ысык-Көлдө эс алуучу жайдан ири өрт чыкты
Ысык-Көлдө эс алуучу жайдан ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, Кош-Көл айылында жайгашкан “Радуга” эс алуучу жайында коттеджден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 13:29дан тарта жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылды.
Мындан сырткары, “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан 1 күжүрмөн эсеп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылып, өрттү өчүрүү иши жүрүүдө.
Кошумча маалымат берилет.