Ысык-Көлдө браконьерликке каршы иштер жүрүүдө
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Ысык-Көл акваториясында браконьерликке каршы рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара Григорьевка айылынан башталып, Ананьево аймагына чейин улантылды. Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган, Кытайда чыгарылган синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталып, браконьерлер тарабынан салынган жалпы узундугу 1500 чарчы метрди түзгөн 15 даана тор алынып, жок кылынды.
Бул рейддин негизги максаты – Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн жана балык чарбасын коргоо, мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу болуп эсептелет.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы бул сыяктуу рейддик иш-чараларды мындан ары да үзгүлтүксүз улантып, жаратылышты коргоо багытында иштерди күчөтөт.