Ысык-Көлдө браконьерлерге каршы рейд учурунда 3 күндө 4500 метр тор чыгарылды

 Ысык-Көлдө браконьерлерге каршы рейд учурунда 3 күндө 4500 метр тор чыгарылды

Ысык-Көлдө браконьерлерге каршы рейддер жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ак-Сууда жана Түп районундагы Күрмөнтү айылында ӨКМдин Суучулдар кызматы тарабынан Ысык-Көлдүн жээктерин таштанды калдыктарынан тазалоо, суу ичиндеги синтетикалык торлорду жок кылуу иш-чаралары күнү-түнү жүргүзүлүүдө.

Мурунку жылдары браконьерчилик жана мыйзамсыз балык кармоо аракеттери Түп районунда көбүрөөк катталса, бүгүнкү күндө Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз райондорунда да браконьерлердин мыйзамсыз балык уулоосу күчөп жатат.

“Текшерүү иштери Түптө гана жүргүзүлгөндүктөн, мыйзамсыз балык кармагандар башка райондорго ооп жатат. Буга байланыштуу суучулдар тарабынан облус боюнча аларга каршы күрөшүү иштери улантууда”, – деп маалымдашты министрликтен.

Учурда суучулдар борборунун кызматкерлери 3 топко бөлүнүп иш алып барууда. Эки топ Аксуу жана Түп районунда тазалоо иштерин туруктуу жүргүзүүдө. Ал эми бир топ калган райондорго кезек-кезеги менен чыгууда.

ӨКМден белгилешкендей, 16-18-ноябрда жалпысынан 10 миң гектардан ашык аянт текшерилип, 4500 метр синтетикалык тор чыгарылды.

Связанный пост