Ысык-Көлдө балык уулоого уруксат берилди

Ысык-Көл облусунда Ысык-Көл чебагы балыгынын тукум уулоо (нерест) сезону аяктады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Буга байланыштуу Балык чарба комплекси департаменти 15-майдан баштап Ысык-Көлдө спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого расмий түрдө уруксат берилерин маалымдады.
Балык уулоого ниеттенген жарандар үчүн электрондук балык уулоо билеттерин алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Аларды төмөнкү жолдор менен алууга болот:
- министрликтин расмий сайты аркылуу:
https://share.google/fJ6tPeN7athAZ78Sq
- “MegaPay” мобилдик тиркемеси аркылуу.
Министрлик жарандарды табиятты аярлап пайдаланууга жана балык уулоодо белгиленген мыйзамдык талаптарды так сактоого чакырып, эреже бузуу мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууга алып келерин эскертет.