Ысык-Көлдө ата-энесинен ажыраган баланын 3,3 млн сомдук мүлкү кайтарылды

 Ысык-Көлдө ата-энесинен ажыраган баланын 3,3 млн сомдук мүлкү кайтарылды

Ата-энесинен ажыраган жетим баланын мүлктүк укугу калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ак-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жетим балдардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдардын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө мыйзамсыз келишимдердин негизинде кыймылсыз мүлктүн үчүнчү жакка (туугандарына) берилип кеткен фактысы аныкталган.

Натыйжада жетим баланын турак-жайга болгон мурастоо укуктары калыбына келтирилип, ата-энесинен калган наркы 3 млн 332 миң сомду түзгөн кыймылсыз мүлк мыйзамдуу ээсине кайтарылды.

Мындан сырткары, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарга 14 жетим баланын мурастоо укуктарын калыбына келтирүү максатында тийиштүү прокурордук чара көрүү актылары киргизилди.

Связанный пост