Ысык-Көлдө алмуруттун түшүмү жакшы болуп, экспорт жогорулады

 Ысык-Көлдө алмуруттун түшүмү жакшы болуп, экспорт жогорулады

Быйыл Ысык-Көл облусунда алмуруттун түшүмү мурунку жылдарга салыштырмалуу жакшы болду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, натыйжада сатып алуучулардын саны көбөйүп, баалар жогорулады.
Учурда алмурут Алматы шаарына экспорттолууда.

Сатуучулар алмурутту муздаткычта сактап, жаңы жылга чейин сатууну пландашууда.

Бүгүнкү күндөгү болжолдуу базар баасы:

  • токой — 55–60 сом/кг;
  • талгарка — 50 сом/кг;
  • апорт — 35 сом/кг;
  • рашида — 25 сом/кг;
  • томсон, кандил, кыргыз түрлөрү — 20 сом/кг сомдон сатылууда.

Багбандардын айтымында, акыркы жылдары алмурут бактарын өстүргөндөр көбөйүп, жаңы сортторду эксперимент катары эгип жаткандар көп болууда. “Токой” сорту акырындык менен калыбына келип, жакшы түшүм берип жатат.

Акыркы беш жыл ичинде 30дан ашык жаңы сорт чыгарылган. Жылдан-жылга көп түшүм алган дыйкандар айдоо жерлерин көбөйтүүнү пландап жатышат.

Алмурут минералдарга жана витаминдерге бай болгондуктан, кош бойлуу аялдарга сунушталат. Жегенде арыктоого, холестерин деңгээлин төмөндөтүүгө жана организмди чыңдоого жардам берет.

Связанный пост