Ысык-Көлдө 55,3 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз менчиктештирилген 55,3 млн сомдук жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратудан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун прокуратура органдары тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерди аныктоо жана аларды мамлекеттин карамагына кайтаруу боюнча ыкчам прокурордук чаралар көрүлүүдө.

Алсак, жер мыйзамдарынын сакталышына карата жүргүзүлгөн текшерүүдө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жалпы аянты 497 чарчы метр коммерциялык максатта пайдаланылган жер тилкеси жана Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында жайгашкан 6 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында жогоруда белгиленген жер тилкелер 55 млн 361 миң сомго бааланып, мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Связанный пост