Ысык-Көлдө 3,5 баллдык жер титирөө катталды
Бүгүн саат 02:49да Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 3,5 баллды түздү. Жер титирөөнүн очогу Кара-Сай айылынан 22 чакырым түндүк-чыгышта, Барскоон айылынан 53 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Кара-Сай айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткен.