Ысык-Көлдө 1900 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулат

Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында 1900 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Жакында энергетика министри Таалайбек Ибраев “РЭЦАнын” ЖЧКсынын директору Чан Тхи Нгок Чау жана Rox Energy Global компаниясынын жетекчиси Нгуен Зуи Бинь менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө жер тилкесин берүү, электр тармактарына кошуу, мамлекеттик колдоо жана долбоорду ишке ашыруунун кийинки этаптары тууралуу маселелер каралды.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кызыл-Өрүк айылында күн электр станциясын куруу жана пайдалануу боюнча долбоорду ишке ашыруу тууралуу инвестициялык келишимге кол коюлду.
Келишим министрлер кабинети менен “РЭЦА” ЖЧК – Rox Energy Global компаниясы ортосунда кол коюлду.
Кол коюлган документтин негизги максаты Кызыл- Өрүк айылына 1900 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулат.
Маалымат үчүн: Rox Group 1996-жылы негизделген. Анын негизги ишмердүүлүк тармактарына кыймылсыз мүлк, технология, мейманкана бизнеси жана финансы кызматтары кирет. Компания Европаны кошкондо эл аралык рыноктордо өзүнүн катышуусун кеңейтип жатат.
Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошуу жана пайдалуу баалуулуктарды түзүү максатында ROX Group энергетика, кыймылсыз мүлк, финансы жана башка тармактарда бир нече инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып келет.