Ысык-Көлдө «Өспүрүм-Түн» рейди өттү. Өспүрүмдөр тарабынан спирт ичимдиктерин ичүү фактылары айгиленди
Ысык-Көл облусунун курорттук аймагында «Өспүрүм-Түн» рейдин райондук милициясы өткөрүүдө.
Түнкүсүн ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоого багытталган иш-чаранын уюштуруучулары Ысык-Көл райондук милициянын балдар иштери боюнча инспекторлору болуп чыгышты.
Профилактикалык рейд негизинен жай мезгилинде түнкү оюн-зоок жайлары иштеген курорттук аймактарды камтыды.
Эки күндүн ичинде райондук милициянын балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору, өспүрүмдөр көп топтоло турган компьютердик залдарды, түнкү клубдарды, кафелерди, дискотекаларды, сейил бактарды жана скверлерди текшеришти. Натыйжада, түнкүсүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган, же чектелген жерлерде мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз жүргөн 20га жакын бала аныкталды. Ошондой эле, өспүрүмдөр тарабынан спирт ичимдиктерин ичүү фактылары да айгиленди.
Эки күндүк рейддин жыйынтыгы боюнча милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренесине (Балдардын ден соолугуна, дене-бойлук, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу) ылайык 15 протокол түзүлүп, ар бир ата-энеге 1000 сом өлчөмүндө айып салынды.
Башка аныкталган фактылар боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди.