Ысык-Көлдө өлгөн ак куулардан балык уулоочу илмектер табылды

 Ысык-Көлдө өлгөн ак куулардан балык уулоочу илмектер табылды

Учурда Ысык-Көл облусундагы ак куулардын өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, окуя болгон жерге экологдор жана ветеринардык кызматтын өкүлдөрү барып, өлгөн канаттуулардан лабораториялык изилдөөлөр үчүн үлгү алышты. Мындан тышкары, экологдор көлдүн жана анын айлана-чөйрөсүнүн абалын комплекстүү текшерип, браконьерлик фактыларын аныктоо максатында укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып барууда.

“Кээ бир өлгөн ак кууларды сойгондо, алардын денесинен балык уулоочу илмектер жана торлордун сыныктары табылды. Бул алардын браконьерлердин курмандыгы болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Бирок, адистер ак куулардын өлүмүнүн башка мүмкүн болгон себептерин да изилдеп жатышат”, – деп белгилешти министрликтен.

Ошондой эле министрлик тарабынан иликтөө улантылып жатканы, жакын арада экспертизанын жыйынтыгы боюнча кошумча чаралар кабыл алынары айтылды.

Министрлик жарандарды браконьерлик жана башка экологиялык мыйзам бузуулар тууралуу маалымдоого чакырат. Мындай маалыматтар сейрек кездешкен түрлөрдү сактап калууга жардам берерин, мыйзам бузуулар жөнүндө 108 номерине чалып билдирүүгө болору кошумчаланды.

Связанный пост