Ысык-Көл – Ташкент сезондук түз аба каттамы ишке кирди
“Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясы “Malva Tour” туроператору менен биргеликте 2026-жылдын 15-июлунда Ташкент – Тамчы багыты боюнча сезондук түз аба каттамын ачты. Бул каттам жумасына бир жолу – ар шаршемби күнү үзгүлтүксүз аткарылып турат.
Жаңы аба каттамынын ачылышы туризм тармагын өнүктүрүүгө, эки өлкөнүн ортосундагы туристтердин агымын көбөйтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну чыңдоого багытталган.
Жаңы каттамдын артыкчылыктары:
* Ыңгайлуулук жана ылдамдык. Түз каттам, эч кандай транзитсиз – учуу убактысы болгону 1 саат 20 мүнөт.
* “Malva Tour” турпакеттери. Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуу, мейманканага жайгашуу жана экскурсиялар боюнча атайын сунуштар.
“Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы эл аралык каттамдар тармагын кеңейтүүнү улантып, жүргүнчүлөрдү жеткиликтүү аба ташуулары менен камсыз кылуу аркылуу Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө өз салымын кошууда.
Бул багыт боюнча авиабилеттерди сатып алуу үчүн “Malva Tour” туроператоруна кайрылуу сунушталат.