Кыргызстанда 2030-жылга чейин 106 жаңы суу сактагыч курулат

 Кыргызстанда 2030-жылга чейин 106 жаңы суу сактагыч курулат

Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев суу чарбасын өнүктүрүү жана сугат инфраструктурасын модернизациялоо долбоорлорун ишке ашыруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында “Кыргызсуу долбоору” мамлекеттик мекемеси тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлордун аткарылышы, ошондой эле суу чарба объектилерин долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо маселелери каралды. Суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, сугат инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана айыл чарбасынын туруктуу өнүгүшүн камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду.

2030-жылга чейин 106 жаңы суу сактагыч куруу жана суу чарба инфраструктурасын модернизациялоо каралган. Долбоорлорду ишке ашыруу айыл чарба өндүрүүчүлөрүн үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоого, айыл чарба продукциясынын көлөмүн көбөйтүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Суу менен камсыздоо маселелерин комплекстүү чечүү айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн 70 пайызга чейин жогорулатууга, фермерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, аймактардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча ишке ашырылып жаткан иш-чаралар Кыргыз Республикасынын суу коопсуздугун бекемдөөгө, агрардык секторду өнүктүрүүгө жана өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүшүн камсыздоого багытталган.

Связанный пост