Ысык-Көл: Сел жүргөн аймакта тазалоо иштери уланууда

Бүгүн, 9-августка карата ӨК министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө куткаруучулары жергиликтүү тургундар жана Жарандык коргонуу кызматкерлери менен бирге кыян өткөн айылдардагы үйлөрдүн айланасын тазалоону улантышууда.

Учурда 22 бирдик техника, анын ичинен 15 инженердик техникасы жана 2 мотопомпа ӨКМден тартылган. 96 куткаруучу, жалпысынан Жарандык коргонуу тутумунун өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте 322 адам иш алып барууда.

Бүгүнкү күнгө карата 57 турак үйдүн, 1 мектеп жана 1 бала бакчанын короо-жайлары, жертөлөлөр тазаланды.

ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг департаментинин адистери Каркыра айыл аймагынын кооптуу тилкелеринде изилдөө иштерин улантууда.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү иштеринен кошумча маалымат берилет.

Связанный пост