Ысык-Көл районунун акими соттун чечими менен камакка алынды

 Ысык-Көл районунун акими соттун чечими менен камакка алынды

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 4-сентябрга чейин камакка алынды.

Аталган райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, сот ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрүн тандоо жөнүндөгү өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Жапарбек Ормонов Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (“Коррупция”) 2-бөлүгү боюнча айыпталууда.

Ормонов район акими болуп эки жыл мурда дайындалган.

Связанный пост