Ысык-Көл облусундагы эскилиги жеткен имараттар толугу менен оңдолот

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Ысык-Көл облусуна жумушчу иш сапары менен барып, аймактардагы социалдык маселелерди жеринде талкуулады.
Иш башкармалыктан билдиришкендей, ал инфраструктураны жакшыртууга, социалдык объекттерди оңдоого жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга басым жасап, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.
“Биз элибиздин жашоо-шартын жакшыртууга бардык күчүбүздү жумшап, социалдык объекттерде заманбап шарттарды түзүп, келечек муун үчүн бекем пайдубал курушубуз керек деп эсептейм.
Буюрса президентибиздин жеке көзөмөлү менен жарактан чыккан, колдонууга мүмкүн болбогон оорукана, мектеп, бала бакча ж.б. объекттердин баары оңдолуп, кайрадан курулат”,-деди Туманбаев.
Белгилей кетсек, иш сапардын жүрүшүндө бир катар маанилүү долбоорлор белгиленип, аларды ишке ашыруунун жолдору талкууланды.